Марал Радиосу

Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз түрдө мал алып келүүгө шектүүлөр кармалды

Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз түрдө мал алып келүү фактысы катталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

4-июлда Талас облусунун Манас районуна караштуу Кайыңды айылынын чек ара тилкесиндеги “Көл-Жайлоо” аймагында УКМК тарабынан Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Казакстандан Кыргызстанга  мыйзамсыз түрдө 432 баш майда жандыктарды ташууга шектелип Талас районунун Нылды айылынын тургундары Т.Р.Б., Т.Р.Б. жана Т.М.Б. кармалды.

Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.