Марал Радиосу

Доллар менен рублдин наркы төмөндөөдө. 9-июлга карата валюта курсу

Акыркы суткада акча алмаштыруу жайларында, Улуттук банктын сайтындагы маалыматка караганда, доллардын, евронун, орус рублинин жана теңгенин сомго карата расмий курсу төмөндөдү.

9-июлда таңкы саат 9га карата акча алмаштыруучу жайларда бир долларды орто эсеп менен 85,5 сомдон сатып алып, 86,2 сомдон сатышууда. Улуттук банктын расмий курсу боюнча бир доллар 85,76 сом. Акыркы суткада 0,16 пайызга төмөндөдү.

Ал эми еврону бүгүн 92,27 сомдон сатып алып, 93,25 сомдон сатышууда. Расмий курс боюнча бир евро 92,96 сом. (0,05 пайызга төмөндөдү).

Орус рублинин акча алмаштыруучу жайлардагы орточо сатып алуу курсу 0,958 сом, ал эми эми сатуу курсу 0,992 сом. Улуттук банктын расмий курсу боюнча бир рубль 0,9595 сом. Акыркы суткада 1,25 пайызга төмөндөдү.

Казак тенгеси орточо 0,1252 сомдон сатып алынып, 0,1991 сомдон сатылууда. Расмий курс боюнча бир тенге 0,1799 сом. Акыркы суткада 0,33 пайызга төмөндөдү.