Марал Радиосу

Алтыгана бадалы өскөн жердин аянты көбөйүүдө

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тикенектүү жапайы алтыгана (карагана) бадалы менен күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу жыйын өткөрдү.

Анда айтылгандай, Кыргызстандагы жайыттардын жалпы аянты 9,2 млн гектарды түзөт. Ал эми, Суусамыр өрөөнүндөгү жайыт жеринин жалпы аянты 472 миң гектар болсо, акыркы жылдары алтыгана бадалы өскөн жердин аянты 800 гектарга көбөйгөн.

Адистердин белгилөөсүндө, тикенектүү жапайы алтыгана бадалы өскөн жайыт жерде тоют чөбүнүн айрым түрлөрүнүн жоголуусуна алып келүүдө.

Акылбек Жапаров Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Улуттук илимдер академиясы жана башка мамлекеттик ведомстволордун жетекчилерине бул маселенин актуалдуулугун белгилеп, бир катар тапшырмаларды бергени маалымдалды.