Марал Радиосу

Акылбек Жапаров Орусияга иш сапары менен барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 9-10-июль күндөрү иш сапары менен Орусиянын Екатеринбург жана Красноярск шаарларына барат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Акылбек Жапаров Екатеринбургда орус өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен бирге «Технологиялык өнөктөштүк: эл аралык бизнестин чордону» темасында ИННОПРОМ-2024 негизги стратегиялык сессиясына катышат.

Красноярк шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Кыргызстан-Орусия өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумуна, региондор аралык 11-конференциясына катышат.