Марал Радиосу

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо: Эки депутатка күбөлүк жана төш белги тапшырылды

Борбордук шайлоо комиссиясы Айжигит Тыналиевди №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча, Жумабек Салымбековду №29 Свердлов округунан Жогорку Кеңештин депутаты катары каттады.

Аларга депутаттын күбөлүгү жана төш белгиси тапшырылды.

Мындан тышкары, №5 Ноокат шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгы чыгып, Бакытбек Марипов Жогорку Кеңештин депутаты катары таанылды. Ал шайлоочулардын 45,12% добушун алган.

30-июнда Ноокат, Ысык-Көл жана Свердлов бир мандаттуу округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өткөн.