Марал Радиосу

Селден улам Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолу жабылды

Нөшөрлөп жааган жаандан улам Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда сел жүрүп, жолдун 71-чакырымында эки жерде каттам токтоду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.

Учурда жаан катуу жаап жатканы маалымдалды.

Ошондой эле, 133-135-чакырымдар аралыгында үч жерде жол бир тараптуу болуп калган. Сел түшкөн тилкелерге “Кыргызавтожол-түштүк” мамлекеттик ишканасынын №959 Жол тейлөө мекемесинин жолчулары жана тиешелүү техникалар тартылууда.