Марал Радиосу

Жогорку соттун төрагасы: Ондон ашык сот кылмыш жоопкерчилигине тартылды

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков кызматка киришкенден бери Судьялар кеңеши ондон ашык сотту кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат бергенин айтты. Бул тууралуу ал “Ала-Тоо 24” телеканалына берген маегинде билдирди.

Ал коррупцияга аралашкан соттор дагы деле бар экенин, ыпылас иштер менен алектенген сотторго карата күрөш тынымсыз уланарын кошумчалады.

Өткөн аптада Чүй облустук сотунун эки судьясы кармалганы тууралуу айтып жатып, сот системасы мындай кармоолор боюнча ачык күрөш жүргүзөрүн билдирди.

«Өзүбүз ачыкка чыгартып, каматып жатабыз. Камакка алуу – жазанын эң жогорку чеги болуп саналат.

Ошолор парага кызыкпаса экен, көз карандысыз болуп, адилеттүү чечим чыгарса экен деген максатта соттордун айлык маянасы көтөрүлгөн. Коомдо Сингапур өлкөсү өнүккөн деп көп айтылат. Ошол өнүккөн Сингапурда да биринчилерден болуп соттордун айлыгын көтөрүшкөн. Бүгүнкү күндө бизде оттор эмгек стажына, тажрыйбасына жараша орто эсеп менен 85-100 миң сом айлык алышат» , — деди Жогорку соттун төрагасы.

Ошол эле учурда соттордун айлыгы көтөрүлсө да абийири оңолмоюнча пара алуу токтобой турганын кошумчалады.

2-июлда Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча 6 миң АКШ долларын опузалап талап кылуу фактысы менен Чүй облустук сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын эки судьясы жана ортомчу болуп иштеген соттук отурумдун катчысы кармалган.

УКМК камакка алуу учурунда соттордун бири кызматтык унаасы менен кырсыкка учурап, тергөө органдарынан жашынуу чараларын көргөнүн маалымдаган.

3-июлда Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кармалган судьялар, соттук отурумдун катчысы УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков 4-июлда Чүй облустук сотунун судьялары кармалышы боюнча чукул жыйын өткөрүп, сотторго эскертүү берген.

Замирбек Базарбеков 2022-жылы Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалган. Конституцияга ылайык, ал бул кызматка 5 жылдык мөөнөткө дайындалган.