8-12-июль күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүп, унаа жолдорго таш кулашы мүмкүн.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Айрыкча Баткен облусунун Лейлек, Кадамжай райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука жана Токтогул райондорунда, Ош облусунун Өзгөн, Ноокат, Алай, Чоң-Алай жана Кара-Суу райондорунда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда, Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата жана Кемин райондорунда, Нарын облусунун Жумгал, Ат-Башы жана Нарын райондорунда, Талас облусунун Кара-Буура, Бакай-Ата жана Талас райондорунун аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо активдешүүсү мүмкүн.
Сел жүрүп, таш кулашы мүмкүн болгон унаа жолдор:
-Бишкек – Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426- чакырымдарында;
-Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133 — чакырымдарында;
-Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128 -чакырымдарында;
-Балыкчы – Бөкөнбаев унаа жолунун 64-117-чакырымында;
-Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-5-чакырымында;
-Ош – Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымында;
-Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымында;
-Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24- чакырымдары.