Марал Радиосу

Москвадан Кыргызстанга кароосуз калган төрт бала алып келинди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ата-энесинин камкордугусуз калган төрт баланы Москвадан алып келди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Балдарды кайтаруу Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин көмөгү менен уюштурулган.

Министрликтин маалыматына караганда, балдардын кичүүсү 10 айлык, улуусу эки жашта. Учурда алардын туугандарын изделип жатканы, балдар туугандарына өткөрүлүп берилери кабарланды.