Марал Радиосу

Евро-2024: Жарым финалда ойной турган командалар аныкталды

Футбол боюнча 2024-жылдагы Европа чемпионатынын чейрек финалдагы оюндары жыйынтыкталды. Турнирдин бардык жарым финалисттери аныкталды.

7-июлга караган түнү болгон оюнда Англия курамасы Швейцариянын командасын пенальтиде 5:3 эсебинде утту. Нидерланды менен Түркиянын оюнунда 2:1 эсебинде Нидерланды жеңишке жетти.

6-июлда болгон чейрек финалдык беттештерде Испания Германияны кошумча берилген убакытта 2:1 эсебинде утту. Франция пенальтиде Португалияны 5:3 эсеби менен жеңген.

Эми 10-июлга караган түнү Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө Испания менен Франциянын биринчи жарым финалдык беттеши болот.

11-июлда саат 01:00дө Дортмунд шаарында Нидерланды менен Англия ойнойт.

Финалдык оюндар 15-июлда саат 01:00дө өтөт.

Футбол боюнча Европа чемпионаты Германияда 14-июнда башталган.