Марал Радиосу

Кыргызстанда «Мекен» бренди менен смартфондор чыгарыла баштайт

Сентябрдан тарта Кыргызстанда «Мекен» бренди менен смартфондор чыгарыла баштайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясына «Кыргызиндустрия» ишканасынын жетекчиси Жарасул Абдураимов билдирди.

Анын айтымында, тетиктердин көбү чет өлкөдөн алынып келинет, ал эми уюлдук телефон каптары Кыргызстанда чыгарылат, смартфондорду да атамекендик адистер чогултат. Бул үчүн жабдуулар буга чейин сатылып алынган.

Маалыматка караганда, «Мекен» смартфондору чет элдик аналогуна караганда 10-15% арзан болот. Болжолдуу баасы — 11 миң сом болот.