Марал Радиосу

Ички иштер министрлиги Flyjump спорт комлексинин ээсин кармады

Чүйдүн Аламүдүн районунун Татыр айылындагы Flуjump спорт комплексинин ээси кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Милициянын маалыматына караганда, 6-июлда саат 13:30 чамасында Flуjump спорт комплексинде 1985-жылы туулган Б.А. аттуу жаран аскадан секиргени жатканда аркан үзүлүп кетип, каза тапкан.

Окуя Аламүдүн райондук милициясынын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки иликтөө иштери башталды.

Чогулган материалдардын жана жабырлануучунун туугандарынын жазган арызынын негизинде кылмыш иши козголду.

Flуjump спорт комплексинин ээси 28 жаштагы Н.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатканы кабарланды.