Марал Радиосу

Ташиев Тажикстанда Ятимов менен чек ара маселесин талкуулады

Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өттү. Анда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча сүйлөшүү болду.

Эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын башчылары калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселесин талкуулоону улантты. Жыйынтыгында чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштерди улантуу үчүн жумушчу топторго конкреттүү тапшырмалар берилгени маалым болду.

Мындан тышкары, 1-6-июль күндөрү Бустон шаарында кыргыз-тажик чек арасын тактоого байланыштуу эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Анда тараптар чек ара сызыгынын калган тилкелерин баяндап жазуу тууралуу сунуштар менен алмашышты.

Кийинки сүйлөшүүлөр Кыргызстанда өтөт.