Марал Радиосу

УКМКнын Лейлек райондук бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди

Бүгүн, УКМКнын Баткен облусундагы Лейлек райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Камчыбек Ташиев катышып, атайын кызматтын жаңы имаратын пайдаланууга тапшырды.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, УКМКнын ардагерлери жана жергиликтүү башкармалыктын өздүк курамы катышкан иш-чаранын жүрүшүндө тапшырмалар жана талаптар да эске салынды.

Камчыбек Ташиев билдиргендей, 2024-жылдын аягына чейин УКМКнын өлкө ичиндеги бардык аймактык бөлүмдөрүн жаңылоо иштери аяктайт.