Марал Радиосу

Кечээ, Ысык-Көлдө сел жүрдү

5-июлда түнкү саат 20:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагына караштуу Корумду айылындагы «Нептун» пансионатынын жанында жайгашкан каналдагы көпүрөдөн суу ашып, пансионатты каптаган.

Жерине куткаруучулар барып аталган пансионатта эс алып жаткан 145 адамды убактылуу коопсуз жайга көчүрүшкөн.Тартылган күч жана каражаттардын жардамы менен каналдын жээктери бекемделип, нугу сел калдыктарынан тазаланган. Ошондой эле Корумду айылындагы суу кирген 5 турак үйдүн анын ичинен 3 турак үйдүн жана 1 дүкөндүн жер төлөсүнө кирген суу сордурулуп берилген. Коопсуз жайга көчүрүлгөн жарандар кайрадан «Нептун» пансионатына жайгаштырылып, иш-чара толук аяктаган.20-апрелден 1-июлга чейин Кыргызстанда жалпы, 236 сел катталып, андан келтирилген чыгым 170 миллион сомдон ашык болгон.

Exit mobile version