Марал Радиосу

Министрлик: Аттестаттагы каталар боюнча комиссия түзүлдү

Аттестаттарында техникалык ката кеткен мектеп бүтүрүүчүлөрүнө документтер кайра басылып чыгып, берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Биринчи кезекте чет өлкөгө окууга кетип жаткан бүтүрүүчүлөргө билими тууралуу документтер берилген.

Министрлик аттестаттардагы каталар боюнча комиссия түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында маалымат берилерин билдирди.

“Быйыл биринчи жолу кагаз түрүндөгү документтер менен катар мектептеги билим берүү жөнүндө документтердин электрондук варианттары бирге даярдалгандыктан, техникалык мүчүлүштүктөн улам басып чыгарууда көйгөйлөр жаралган. Документтерди даярдоодогу көйгөйлөрдү иликтеген көз карандысыз комиссия түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет” , — деп айтылат маалыматта.

28-июнда бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшырылган, бирок алардын айрымдарында каталар бар экени маалым болгон. Айрымдарында бардык предметтер тизмеленбей, баалар коюлган эмес. Маалымат каражаттары жазгандай, өлкө боюнча 2 миңге жакын күбөлүк алмаштырылууга тийиш.