Марал Радиосу

Жапаров Азербайжанда Түрк мамлекеттеринин уюмунун саммитине катышат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-июлда иш сапары менен Азербайжанга кетти. Сапардын алкагында 6-июлда боло турган Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкө башчыларынын бейформал саммитине катышат.

Кыргызстандан президент менен кошо тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов, транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев барды.

Тараптар жаратылыш коркунучтарынан келип чыккан табигый кырсыктарга, климаттын өзгөрүшүнө жамааттык жооп кайтаруу чараларын жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн транспорттук байланышын бекемдөөнү талкуулашат.

Саммитке уюмдун катышуучу мамлекеттери – Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын мамлекет башчылары, Түркиянын жана Венгриянын өкмөт башчылары катышат.