Марал Радиосу

Алайдагы Мурдаш суусунан изделип жаткан баланын сөөгү табылды

Бүгүн, 5-июлда 11:05 чамасында Ош облусунун Алай районундагы Мурдаш суусунан изделип жаткан баланын сөөгү табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 2018-жылы туулган Н.А. аттуу баланын сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди.

4-июль күнү кечки саат 21:00 чамасында Алай районундагы Мурдаш суусуна  Lada 222140  үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай түшүп кеткен. Унаада жаш бала менен айдоочусу болгон. Жергиликтүү тургундар айдоочуну куткарып чыгышкан.

Ал эми баланы издөөгө 5-июль күнү 16 куткаруучу, 42 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 137 адам, жалпы 195 адам тартылган.