Марал Радиосу

Жети-Өгүздө велосипедчен өспүрүмдү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын борбордук көчөсүндө 3-июль күнү белгисиз айдоочу 15 жаштагы өспүрүмдү велосипед тээп бара жаткан жеринен сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.

Бул жол кырсык Жети-Өгүз РИИБинде катталып, изин жашырып кеткен айдоочуну табуу максатында ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган.

Анын алкагында айдоочу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын тургуну 1997-жылы туулган А.У.А. экени аныкталды. Ал “Ауди-С4” үлгүсүндөгү автоунаасы менен кармалып, автоунаа айып короого токтотулуп, айдоочу тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Азыркы учурда тергөө кызматы тарабынан тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Айдоочу сүзгөн кыз тез жардам менен ооруканага жеткирилген.