Марал Радиосу

Селдин алдын алуу маселелери талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусунун Ноокат районунда селдин кесепеттерин жоюу боюнча кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев менен Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев учурдагы кырдаал боюнча маалымат беришти.

Бообек Ажыкеевдин айтымында, үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинен 1-июлуна чейин 236 сел катталып, андан келтирилген чыгым 170 миллион сомдон ашык болгон.

Транспорт жана коммуникациялар министри селдин кесепетинен бир нече чакырым жол, ошондой эле 9 көпүрө бузулуп, анын бири толугу менен талкаланганын билдирди.

Акылбек Жапаров алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү жана сел коркунучтарына даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал кооптуу аймактардын абалына мониторингди жана көзөмөлдү күчөтүү, атайын кызматтардын даярдыгын камсыздоо зарылдыгын айтты.

Мындан тышкары селдин алдын алуу үчүн коргоочу курулмаларды куруу, дарыялардын жээктерин бекемдөө, мониторинг системаларын орнотуу жана эрте эскертүү маселелери талкууланды.

28-июнда катуу жааган жаандан улам Ош облусунун Ноокат районунда сел жүрүп, өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Сел агызып каза болгондордун саны 10 адамга жеткен. Турак-жайлар, эгин талаалары, мал-жандыктар жабыркаган.