Марал Радиосу

Чолпон-Атада Көлбаевдин жакын тууганына катталган 1 га жер мамлекетке алынды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун кыймылсыз мүлк объекттерин мамлекеттин менчигине алуу боюнча активдүү иштер улантылып жатканын билдирди.

Тактап айтканда, Көлбаев 2023-жылы мыйзамсыз кирешелерди легалдаштыруу максатында Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын 1 гектар  аянттагы жер тилкесин жеке менчикке алып, аны У.А.К. аттуу жакын тууганынын атына каттагандыгы аныкталган.

Мындан улам, УКМК тарабынан көрүлгөн тийиштүү чаралардын натыйжасында сметалык баасы 21 миллион 315 миң сомду түзгөн жер тилкеси Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине өткөрүлүп берилди.