Марал Радиосу

4-июлдун аба ырайы

Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, 4-июлда түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27,

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын  температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +31…+35 градус.