Кыргызстанга 2-июлда Швейцариянын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассис расмий сапары менен келди.
Анын сапарынын алкагында 2024-жылдын 3-июлунда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөрү пландалып, кыргыз-швейцария кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат.
Ошондой эле Кассис президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болуусу күтүлүүдө.