Марал Радиосу

Үч алтын, бир күмүш, беш коло. Кыргызстандын командасы 2-орунду ээледи

Podium Team GR - Silver: KYRGYZSTAN

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча 23 жаштагылар арасындагы курама командасы Иорданиянын Амман шаарында өткөн Азия чемпионатында экинчи орунду ээледи.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Аманат Самат уулу (67 кг), Асан Жанышов (87 кг) жана Нурманбет Раймалы уулу (97 кг) алтын медаль утушту.

Артык Орозбеков 130 кг чейинки салмакта күмүш медаль алды.

Азамат Камилжан уулу (55 кг), Акыл Сулайманов (60 кг ), Адилхан Нурланбеков (72 кг), Алибек Бердиев (77 кг) жана Бекзат Орункул уулу (82 кг) коло медаль утуп алышты.