Ноокат районунун Кулатов айыл аймагында 30-июнь күнү Көк-Жар – Апшыр-Ата унаа жолунун 8-чакырымындагы көпүрө селден улам жараксыз абалга келген. Натыйжада Кулатов жана Көк-Жар айыл аймактарынын ортосундагы жол каттамы үзгүлтүккө учураган.
N37 Жол тейлөө ишканасынын карамагында турган Апшыр-Ата жолундагы Шаран-Сай көпүрөсү учурда ӨКМ тарабынан калыбына келтирүү жумушу жүрүүдө.
Жерине жалпы 5 инженердик техника тартылган. Көпүрөнү калыбына келтирүү бүгүн кечке чейин бүтөрү күтүлүүдө.