Марал Радиосу

Бишкектин бир катар аймагында 3-5-июль күндөрү газ өчөт

«Бишкекгаз» газ кызматы жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 3-5-июль күндөрү бир катар райондо жаратылыш газы өчүрүлөрүн маалымдады.

Бул күндөрү Чоң Чүй каналы, Жогорку Ат-Башы каналы, Дачный пер., Алма-Ата көчөсү, Гидростроитель, Аул, Курманалиев, Биринчи Май, Логвиненко, Киргизия, Айланма жол, Ала-Арча дарыясы, Бухара, Заводской, Коллективная, Кырк Чоро, Төмөнкү Ала-Арча, Кызыл Куруучу конушу, Кайынды конушу, Эне-Сай конушу, Керамическая конушу, Чалбай конушу, «Шоро», «Шин-Лайн», «Куликовский торт» өндүрүш ишканалары, «Сантех Заготовок» заводу, Шаардык кургак учукка каршы ооруканасында газ өчөт.

«Бишкекгаз» газ кызматы жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.