Марал Радиосу

ӨКМ: Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болот

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууга чакырат.

Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз “112” кызматына чалып, жардам сураңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат.