Марал Радиосу

Ноокат шайлоо округунда добуш берүү жүрүүдө

Бүгүн, 30-июнь күнү Ноокат районунун №5 бир мандаттуу шайлоо округунда депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Шайлоо өнөктүгүнө карата Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын, ИИМдин атайын багыттагы полкунун, Күзөт кызматынын жана ИИМдин ички аскерлеринин өздүк курамы эртең менен саат 06:00дө сапка тизилген.

Добуш берүү учурунда 800дөн ашуун милиция кызматкерлери, ардагерлер жана элдик кошун коомдук коопсуздукту камсыздашууда.

Ноокат бир мандаттуу шайлоо округунан 54 шайлоо участкасы боюнча  9 талапкер шайлоого катышууда.