Марал Радиосу

Ноокат: ӨКМ тик учак менен алты адам куткарылганын кабарлады

29-июнь күнү кечки саат 19:30да тик учак менен дагы алты адам Ноокат районунун Абшыр-Ата жайлоосунан эвакуацияланды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, эки аял, үч эркек киши жана бир жаш бала тик учак менен коопсуз жайга жеткирилди. Жеринде дарыгерлер кароодон өткөрүп, тийиштүү жардам көрсөтүшкөн.

28-июнда болгон селден көпүрөлөр, жолдор жана электр объектилери жараксыз абалга келген.