Марал Радиосу

ӨКМ катуу шамал болорун эскертти

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууга чакырат.