Марал Радиосу

Азия чемпионаты: Абдумалик Карачев алтын медаль утту

Кыргызстандын эркин күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Абдумалик Карачев Иорданиянын Амман шаарында жаткан Азия чемпионатында 23 жаштагылар арасында (U-23) алтын медалга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, балбан 57 кг чейинки салмакта алгачкы айлампада ирактык атаандашын 16:8 эсебинде, экинчи айлампада иорданиялык Сахиб Рамзи Салах Алмарафини 10:0 эсебинде утту.

Үчүнчү айлампада монголиялык Жигуур Сарантуяны 8:0 эсебинде утуп, жарым финалдык беттеште индиялык Субхам Субхамды 10:0 эсебинде жеңди.

Абдумалик Карачев финалдык беттеште казакстандык Султан Курманалиевди 5:0 эсебинде жеңип, өз салмагында Азия чемпиону болду.