Марал Радиосу

Ноокатта селдин кесепетинен каза болгондордун саны сегизге жетти

Ноокатта селдин кесепетинен каза болгондордун саны сегиз адамга жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Куткарууулар дагы бир аялдын сөөгүн (аты-жөнү такталууда) табышты.

Буга чейин жети адам каза болгону белгилүү болгон, алардын арасында эки аял бар, калгандары 2008, 2012, 2013 жана 2016-жылы туулган өспүрүмдөр болгон.

ӨКМ дагы эки адамды издөө иштери уланып жатканын белгиледи.

28-июнда саат 16:10 чамасында Ноокат районунун Апшыр-Сай сайынан сел жүргөн. Анын кесепетинен көпүрөлөр, жолдор жана электр объектилери жараксыз абалга келген.

Апшыр-Ата эс алуу жайына жана Кезарт жайлоосуна баруучу жолду сел алып кеткендиктен, эс алууга чыккан 1400 адам түшө албай калган. 29-июнда ал жактан жалпы 1400гө жакын адам эвакуацияланды.

Министрлик 29-июндан 2-июлга чейин нөшөрлүү жамгырдан улам Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымындарында сел жүрүү, таш кулоо коркунучу бар экенин эскертти.