Марал Радиосу

Селден улам Ноокат районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Селден улам Ноокат районунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, кечээ аймакта катуу сел жүрүп, 6 адамды агызып кеткен. Учурда бешөөнүн сөөгү табылып, дагы бирин издөө иштери жүрүүдө.

Мындан тышкары 2 көпүрөнү, 10 электр мамысын агызып, 30дан ашык турак үйгө жана короо-сарайларга жана 1 бала бакчага кирген.

Учурда жеринде ӨКМдин 100дөн ашык куткаруучусу иштеп жатат.