Марал Радиосу

ӨКМ: Аксыда шамал 17 турак жайдын чатырын учурду

Алдын ала маалымат боюнча, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарында жана Кош-Дөбө, Кара-Камыш айыл өкмөттөрүндө катуу шамал турак жайлардын чатырын учурду.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Жеринде райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, мониторинг жана божомолдоо департаментинин адистери тактоо жумуштарын алып барууда. Анын натыйжасында 17 турак жайдын чатырын шамал учургандыгы аныкталган.

Катуу шамалдан жергиликтүү тургундардын ден соолугуна зыян келген эмес.

Бүгүн, 28-июнда Бишкек шаарында, Чүй облусунда ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетке шамал катталды.