Марал Радиосу

ӨКМ сел жүрүү кооптуулугу болгон аймактарды атады

28-июндан 2-июлга чейин өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо туруксуз аба ырайы күтүлүп, жаан нөшөрлөп жаайт.

Буга байланыштуу сел жүрүшү жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кооптуу табигый процесстердин активдешүүсү мүмкүн болгон аймактарды атады:

Министрлик жарандарды коопсуздук эрежелерин так сактоону, аймактардагы Жарандык коргонуу кызматтарынын күч жана каражаттарын даярдык абалда кармоону эскертет.