Марал Радиосу

«Маянамды бир айга жеткирем». Каржылык сабаттуулуктун пайдасы (Финсабатка саякат)

https://maralfm.kg/wp-content/uploads/2024/06/Махбуба-каржылык-сабаттуулук-9.mp3?_=1

Бүгүнкү күндө коомдо бир айлык эмгек акысын туура пландап, айдан-айга жеткиргендер аз эмес. Мындайда каржылык сабаттуулук чоң жардам берет.

Биз бир айлык маянасын кантип туура пландап, кийинки айга жеткиргендерден сурамжылоо жүргүздүк.

— Мен 35 миң сом айлык алам. Бишкек шаарында жайгашкан курулуш компаниялардын биринде маркетолог болуп иштейм. Алган акчам айына жетет. Анткени мен батирге ижара төлөп жашабайм. Ата-энем менен турам. Мен коммуналдык кызматтарды төлөбөйм. Үйгө тамак-ашка акча коротпойм. Мен айлыгымды өзүмө гана коротом. Жумушка барып келүү үчүн таксиге жумшайм. Азырынча ушул акча жетип жатат. Бирок чоңураак нерсе алууга бул каражат жетпейт. Мисалы, машина же ипотекага үй алайын десең жетпейт. Өзүмө жетет дегеним, баскан турганыма эле жетет. Ошондой эле чет өлкөгө чыгып эс алганга жетпей калат.

— Мен соода борбордо сатуучу болуп иштейм. Айлыгым 30 миңден жогору. Мен айлыгымды туура пландап үйгө, ата-энеме, өзүмө сарптайм. Мисалы коммуналдык кызматтарга да төлөйм. Үйгө азык-түлүк алып келем. Үй-бүлөмдү багам. Бирок бул акчаны жеткирүү кыйыныраак болуп калат.

— Тил үйрөтө турган борбордо корей тилинен сабак берем. 28 миң сом айлык алам. Анын 5000 сомун батирдин ижарасына төлөйм. Айына 3-4 миң сомдук азык-түлүк алам. 2-3 миң сомго өзүмө керектүү буюмдарды алам. Ошондой эле эки насыям бар. Аларга 8000 сом төлөйм. Айына 1-2 миң сом ашып калат. Аларды чогултам, депозитке салып коем.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда чакан ишканаларды эсепке албаганда, бир кызматкердин номиналдык орточо айлык эмгек акысы 2024-жылдын январь-март айларына карата 34 миң 46 сомду түздү. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11% га көп.

Ал эми керектөө бааларынын индексин эске алганда, реалдуу эмгек акынын өлчөмү 5,3% га жогорулады. Бирок эл мындай сандар кайсы жактан алынганына баш катырууда. Себеби алар реалдуулук башка экенин белгилешет.

Айлыкты туура пландоодо каржылык сабаттуулук канчалык пайда берет?

Улуттук банктын Коммуникация жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын каржылык сабаттуулук бөлүмүнүн жетекчиси Кубаныч Мусуралиев белгилегендей, каржылык сабаттуулук акча каражаттарын пландоодо маанилүү ролду ойнойт. Так финансылык максаттарды коюп, киреше-чыгашаны алдын ала пландоого жардам берет.

«Каржылык сабаттуулук акча каражаттарын пландоодо маанилүү ролду ойнойт. Анткени финансылык максаттар кыска, орто жана узак мөөнөттүү болот жана аларга ар кандай суммадагы каражаттар керектелет. Так финансылык максаттарды коюп, киреше-чыгашасын алдын ала пландап, ыгына келтирүү, приоритеттерди коюу менен канча суммадагы каражат керектиги, аларды топтоо же башка жол (мисалы, карыз алуу) менен табуу аныкталат.

Айлыкты туура пландоодо биринчи кезекте ай сайын төлөмдөргө жана милдеттенмелерге (мисалы, коммуналдык кызматтар, салыктар, карыздар ж.б. милдеттенмелер) кеткен сумманы аныктоо керек жана аларды дароо эле төлөп коюусу жакшы болот, анткени ал жакта кандайдыр бир айып пул каралышы мүмкүн же электр энергиясына унутулуп төлөнбөй калса аны өчүрүп коюу ыкмасы дагы бар.

Андан кийин каражат топтоо планына жараша сумманы топтоого алып коюу сиздин финансылык максатка жетүүңүзгө жол берет. 

Кийинкиси  керектүү нерселерге бюджет каралышы керек. Аларга тамак аш, транспорт чыгымдары, гигиена, байланыш, кийим-кече, дары-дармек жана башка чыгымдар кирет.

Акырында сиздин кандайдыр каалоолоруңузга, эс алууга дагы акча каражат каралышы керек».

Айлыкты айдан-айга жеткирүү үчүн акчаны кантип пландоо керек?

Бардыгы сиздин максаттарга байланыштуу болот. Эки жылдан кийин чет мамлекетке эс алууга барам же беш жылдан кийин жаңы батирлүү болом десеңиз, ошого жараша аракет жасап, акчаңызды башкара баштайсыз.

Киреше-чыгашаңызды так билүү менен, чыгашалар кайсы жакка көбүрөөк кетип жатканын аныктап аларды кыскарта аласыз. Мисалы, жеке унаанын ордуна коомдук транспортту тандоо менен айына бир кыйла каражат үнөмдөсө болот. Ошондой эле товарларды арзандатуу акциялар аркылуу жана бааларды салыштыруу аркылуу алсаңыз дагы болот.

Ай сайын кеткен чыгымдарды анализдөө менен акчаңызды жеткире аласыз. Ошол эле учурда акчаны тобокелдиктерди эске алуу менен көбөйтүүнү ойлонушуңуз керек болот.

Айлыкты туура пландоодо эмнелерди эске алуу керек?

Улуттук банктын адиси Кубаныч Мусуралиев буга төмөндөгүдөй жооп берди.

«Максаттарыңызды-приоритеттерди эске алуу керек. Албетте, сиздин жашооңуздун сапаты начарлабаш керек. Балдарга кеткен чыгымдар, алардын окутуу курстары, китеп сатып алуу же болбосо өзүңүздүн өнүгүүңүзгө кеткен чыгымдар инвестиция катары келечекте көбүрөөк киреше алып келүүсүн эске алуу керек.

Буга кошумча, айлыкты туура пландоодо эгерде сиздин «финансылык коопсуздук жаздыгыңыз» жок болсо аны түзүүнү эске алыш керек. Ал деген сиздин ай сайын керек болгон чыгымдардын суммасына жараша аз дегенде 6 айлык көлөмдөгү каражат болуусу зарыл. Анын максаты күтүлүүсүз келген учурлардан, кандайдыр бир көйгөйлөрдү чечүү болуп эсептелет».

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2023-жылдын 9 айында орточо айлык акы 2022-жылга салыштырмалуу 25 пайызга өсүп, ал 32 миң 78 сомду түзгөн.

Ал эми быйыл январь-апрель айларында орточо айлык акы 34 миң 391 сомду түздү. Бул 2023-жылга салыштырмалуу орточо айлык акы 11,7 пайызга өскөнүн билдирет.

Өткөн жылы Улуттук статистика комитети өлкөдөгү жашоо минимумун 7 миң 756 сом деп белгилеген. Бирок жашоо минимумдун мындай көрсөткүчү өлкөнүн экономикасы артта калганынан кабар берерин айткандар болгон. Мындан сырткары бир адам социалдык жактан толук камсыз болуу үчүн бул каражат жетпей турганын айтышкан.

Exit mobile version