Казакстандын Алматы шаарында 17 жаштагы кыргызстандык кыз көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап кеткенин Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Кырсык 26-июнда таңкы саат 06:50 чамасында болгон. Кыргызстандык кыз көп кабаттүү үйдүн 7-кабатынын терезесинен кулап, мерт кеткен. Ал Алматы шаарына быйыл 21-майда туугандары менен барганы кабарланды.
Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери каза болгон кыздын туугандары менен байланышууда. Бүгүнкү күндө тиешелүү органдардан анын сөөгүн алып кетүүгө уруксат алынды. Учурда «Жүк-200дү» Кыргызстанга жөнөтүү аракеттери көрүлүүдө.