Марал Радиосу

Башкы прокурор Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы менен жолукту

Башкы прокурор Максат Асаналиев Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушканын Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Жолугушууда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун кеңешинин алкагында мындан аркы кызматташуу жана аталган кеңештин 25-июлга мерчемделген 3-отурумуна даярдык көрүү маселелери талкууланды.

Тараптар ТМУ уюмуна кирген өлкөлөрдүн укуктук кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, сот адилеттиги системасын жакшыртуу жолдорун талкуулашты.