Марал Радиосу

Оштогу кафеден чыккан өрт чектөөгө алынды

Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан «Алтын» кафесинде өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, өрттү өчүрүүгө саат 17:20да бир күжүрмөн эсеп тартылган.

Кошумча куткаруучулар тартылып, жалпы 7 күжүрмөн эсеп жана автошаты иш алып барууда. Өрт саат 19:04тө чектөөгө алынды. Министрлик кенерирээк маалымат берилерин билдирди.