Марал Радиосу

Билим берүүдөгү өзгөрүүлөр тууралуу баяндаган китептин бетачары өттү

Ош Мамлекеттик педагогикалык университетинде Энди Харгривз жана Деннис Ширлинин “Төртүнчү жол – келечекке шыктандырган билим берүүдөгү өзгөрүүлөр” аттуу жаңы китебинин бетачары өттү.

Китептин бетачарына Ош шаарындагы бир катар жогорку окуу жайдын окутуучулары, Ноокат, Өзгөн районунунан агартуучулар келди.

Китептин мазмунундагы маселелер жалпы билим берүү айдыңынын өкүлдөрүнө, агартуучуларга, мугалимдерге тиешеси бар. Китепте саясий-экономикалык, коомдук өзгөрүүлөрдүн мугалимдерге тийгизген таасири, мугалимдердин да бул өзгөрүүлөрдөгү ролу жөнүндө баяндалат.

«Төртүнчү жол» китеби профессор Дүйшөн Шаматовдун демилгеси менен кыргызчаналып, басылып чыкты.