Марал Радиосу

Экология министри Мелис Тургунбаев кызматынан бошотулду

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев кызматынан бошотулду.

Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Маалыматтарга караганда Мелис Тургунбаев башка кызматка өтөт.

Мелис Тургунбаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп 2023-жылы мартта дайындалган.

Мелис Тургунбаев «Кыргызмунайгаз» ААКынын башкы башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалаган.
Экономика илимдеринин доктору, ошондой эле Эл аралык кесипкөй директорлор ассоциациясынын мүчөсү.