Марал Радиосу

«Айрымдардын китеби жарык көрбөй дүйнөдөн өтүп кетти». Китеп чыгаруудагы көйгөйлөр

Бүгүн, 25-июнда «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясы Жазуучулар союзунун 90-жылдыгына карата бир катар акын, жазуучу, жалпы адабият тармагына тиешелүү адамдарды топтоп, жыйын өткөрдү.

Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, өлкө боюнча 4700 китепкана бар экенин айтып, бирок алар мамлекеттин пайдасына иштебей жатканын айтты. Иманалиевдин айтымында, китепканалар күнү-түнү, дем алыш күндөргө карабай иштеши керек. Мындан улам, китепканалар боюнча өкмөттүн токтомуна өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Мындан сыркары Каныбек Иманалиев, Жазуучулар союзнун 90-жылдыгын өткөрүүгө 2 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүүнү өтүндү.

«Китепканалардын коммуналдык кызматына мамлекеттин эсебинен эбегейсиз каражат бөлүнөт. Бирок алар өлкөнүн элдин  пайдасына иштебей жатат. Анкени алар мамлекеттик жумушчулардай эле саат 09:00 келип, 17:00до кетип жатат. Окурман ишемби, жекшемби күнү китеп окуюн десе китепкана жабык. Азыр эксперименталдык түрдө Нарында жана Караколдо китепканалар ачылды. Дүйнөдө китепканалар коворкинг сыяктуу. Күнү-түнү иштейт, ошол жерден шахмат ойноп тамактанууга да болот. Китепканалар чакан эркин ишкана өңдүү иш алып баруусу керек»  

Акын, филология илимдеринин доктору, профессор Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Абдылдажан Акматалиев, жазуучулар үчун  коңшу өлкөлөрдөгүдөй шарт жок экенин айтып, бир канча көйгөйгө токтолду.

«Өзбекстан, Казакстан, Азербайжанга барып жүрөбүз, ал жактагы шартарды көрүп ичиң ачышат. Аларда материалдык техникалык базасынан баштап, китеп чыгарганга чейин жакшы система иштелип чыккан. Бизге да ушундай жакшы шарттар түзүлсө дейбиз. Китеп чыгарганда айрымдар биздикинен алып, дагы башка бирөөдөн алып, аралаштырып жатышат. Ошондой эле Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдин китептерин жеке жактар демилгелеп чыгарып жатат. Бирок, өкмөт чыгарбай жатат».

Жазуучу Кален Сыдыкова жазуучулар китеп жазса да аны сатканга мамлекет шарт түзбөй жатканына нааразы болду. Жазуучунун айтымында азыркы тапта китеп саткан мамлекеттик дүкөн жок.

«Отуз жылда жазуучулар «интеллектуалдык селсаякка» айланды. Ушунчалык жакшы ниет менен китеп жазып чыгардык, бирок аны мамлекет колго алган жок. Кээ бирөө демөөрчү тапса чыгарат, чыгарбаса жок. Айрым жазуучулардын эмгеги жарык көрбөй дүйнөдөн өтүп кетти. Китепти чыгарганда сата албайбыз. Илгери 25 мамлекттик китеп саткан дүкөн бар экен. Анын баары кийин соода-сатыкка ылайыкташкан дүкөн болуп кетти. Азыркы учурда мамлекеттик бир дагы китеп сата турган дүкөн жок. Жазуучулар жарыбай калдык. Саясат, экономика калат. Рухий дүйнө түбөлүк калат. Ушул маселеге көңүл буруп беришиңиздерди өтүнөм».

Китепти басып чыгаруу, аны сатууда көйгөй бар экенин Кыргыз Эл акыны Надырбек Алымбеков да белгиледи. Ошондой эле азыркы муун кыргыз тилинде сүйлөбөгөнү чоң көйгөй болуп жатканын айтты. Жазуучу кыргыз тилиндеги китептер кыргыз тили кеңири жайылганда гана  сатылат, дейт.

Белгилей кетсек, 2023-жылы маданият тармагына 700 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.

Exit mobile version