Марал Радиосу

Садыр Жапаров Бельгиянын королу Филиппти Кыргызстанга чакырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда Бельгияга иш сапарынын алкагында король Филипп менен жолугушту. Анда тараптар Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, Кыргызстан менен Бельгиянын мындан аркы өз ара аракеттенүүсүнүн бир катар келечектүү багыттары белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Садыр Жапаров король Филиппти Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Президент 24-июнда Бельгияга иш сапары менен барды. Сапардын алкагында ал Бельгиянын королу Филипп жана Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель менен жолугушат.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын Европа биримдиги жана Бельгия менен соода-экономикалык кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечеги талкууланат.