Марал Радиосу

УКМК 45 чет өлкөлүк депортацияланганын кабарлады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мыйзамсыз миграцияга каршы ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Чүй облусундагы “Канаттуулар” фабрикаларынын биринде Кыргызстанда жүрүү визасынын мөөнөтү өтүп кеткен 45 чет өлкөлүк жаранды аныктады.

Анын ичинен 12си Пакистандын, 33ү Бангладештин жарандары.

Тартип бузгандар тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп, андан соң Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары депортацияланды.

УКМК терс кесепеттерге жол бербөө үчүн жеке жана юридикалык жактарды колдонуудагы миграциялык мыйзамдарды так сактоого чакырат.