Марал Радиосу

Баткендин бир районуна, үч айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Кадамжай районунда катталган селдин кесепеттерин жоюу максатында, өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Мындан сырткары Лейлек районунун Катраң жана Лейлек айыл аймактарына, Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жаткандыкткан аталган айыл аймактарга да өзгөчө кырдаал режими кирди.

24-июнь күнү Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында каттуу жааган жамгырдан сел жүргөн.

Алдын ала маалымат боюнча жалпы 47 турак үйгө, 113 турак үйдүн короосуна, 5 социалдык обьектиге,бир кичи футбол аянтчасына сел кирип, 17 ички чарбалык жолго, 2,7 чакырым коргоо тосмого, бир көпүрө, 12 чарбалык курулуш, эки суу кампага, бир трансформаторго зыянын тийгизген.

Кадамжай районунун Жеңиш айылында  миңге жакын, Баткен районунда 27  жергиликтүү тургун коопсуз аймакка көчүрүлдү.

«Түнү менен аймактарда райондук Жарандык коргонуу кызматтары сел келген аймактарда калыбына келтирүү иш-чараларын  жүргүздү. Ыкчам иш аракеттер уланууда. Учурда облус аймагында жол каттамдары ачык» , — деп айтылат маалыматта.