Тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Бүгүн, 25-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Эртең, 26-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Түштүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +31…+36,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27,
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+20, күндүз +33…+35 градус ысык.