Марал Радиосу

Бишкек: Курманжан Датка көчөсү эки жумага жарым-жартылай жабылат

Бүгүн, 24-июнда мэрияга караштуу «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасы тарабынан Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан жылуулук тармагынын тилкесинде авариялык калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Оңдоо иштери Курманжан Датка көчөсүнүн Чүй проспектиси менен Огонбаев көчөсүнүн ортосунда, ошондой эле Фрунзе менен Салиева көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүндө жүргүзүлөт. Жылуулук тармагынын бул участоктору 1984-жылы ишке киргизилип, эксплуатациялык мөөнөтүнөн ашып кеткен.

Жумуштар 24-июнда башталып, эки жумага созулат. Буга байланыштуу, Курманжан Датка көчөсүндө унаа кыймылы жарым-жартылай чектелет.