Марал Радиосу

«Ката жазышат». Депутат жаштар арасында сабатсыздар көбөйгөнүн сындады

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбековдун пикиринде, бүгүнкү күндө жаштардын көбү сабатсыз жазышат. Депутат мындай оюн парламенттеги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Кадырбеков өзүнүн дарегине келген кайрылуу каттарында да каталар көп экенин белгиледи.

«Биз мурдараак абышка-кемпирлерге китеп окуп берчү элек. Жаштар сабаттуу, карылар сабаты жок дейт элек, азыр жаштар сабатсыз болуп калды. Улуураактардан кат келсе, кол жазмасы да жакшы, катасыз, түшүнүктүү жазат. Андан тышкары, социалдык тармактарга жазылган айрым маалыматтар, комментарийлерди карасаң ката кетиргендер аябай көп. Депутат катары бизге келген каттарды окуп атып, мазмунуна көңүл бура албай, каталарын көрүп отуруп, акылдан айнычудай болуп кетесиң. Мурда ушундай окуялар боло турган болсо, кадимкидей чара көрүлчү эле. Ошондуктан сабаттуу жазуу жагын да карайт окшойбуз, ишти күчөтүү керек окшойт» , -деди депутат.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мугалимдерге коюлган талаптар күчөтүлөрүн, педагогикалык окуу жайларга тапшыруунун босого баллы жогорулатыларын айтты.

«Функционалдык сабаттуулук курч көйгөй болуп турат. Окуп-түшүнүү көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча ондогон мугалим окутулуп жатат» , — деди министр.