Марал Радиосу

Садыр Жапаров Бельгияга иш сапары менен кетти

Президент Садыр Жапаров 24-июнда Бельгияга иш сапары менен учуп кетти. Сапардын алкагында, 24-26-июнда мамлекет башчы Бельгиянын Королу Филипп менен жолугушат. Ушул эле күнү Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен расмий жолугушуусу өтөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын Европа биримдиги жана Бельгия менен соода-экономикалык кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечеги талкууланат.

Президент менен кошо тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Президенттин Администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыралиев, тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси Айдит Эркин, транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, финансы министринин орун басары Руслан Татиков кетишти.