Марал Радиосу

Кубанычбек Бөкөнтаев Улуттук банктын төрагалыгынан кетет

Кубанычбек Бөкөнтаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Улуттук банктын төрагалыгынан кетет. Бул тууралуу аталган банктан кабарлашты.

Анын ордуна ким келери азырынча белгисиз.

Мыйзамга ылайык, Улуттук банктын төрагасы Жогорку Кеңештин чечими менен кызматынан бошотулат.

Парламент 2021-жылы сентябрда Кубанычбек Бөкөнтаевди Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалышын колдогон.

Төрагалык кызматтан кеткен Толкунбек Абдыгуловдун ордуна Бөкөнтаевдин талапкерлигин президент Садыр Жапаров көрсөткөн. Ага чейин Бөкөнтаев Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштеген.